hostgator domain coupon

 

        Бүгүн, 27 сентябрда институттун жыйын кеңсесинде, Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик  тилдин 30-жылдык юбилейине арналган иш-чаралар алкагында институттун эмгек жааматы менен “Кыргыз тили”  газетасынын башкы редактору, жазучуу Капар Токтошев жана Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик тил боюнча  Улуттук комиссиясынын жетектөөчу адиси Жакыбалиев Кутмырза менен жолугушу өттүү.

Жолугушуда “Кыргыз тили”  газетасынын башкы редактору жазучуу Капар Токтошев жана Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик тил боюнча  Улуттук комиссиясынын жетектөөчу адиси Жакыбалиев Кутмырза мамлекеттик тилдин мамлекеттин өнүгүсүндөө   пайдубал каттары чоң мааниси бар экенин белгилеп жана мамлекеттик тилди колдоо максатында кандай иш-чаралар көрүлүп жаткан жөнүндө кеңири маалымат беришти.

Талкулоонун жүрүшүндө мамлекеттик тилдин коомдо колдонулушу боюнча  бөгөт боло турган эч кандай  курч маселе жоктугу белгиленди жана ар бир  жарандын  мамлекеттик тилдин  расмий иш кагаздарын жүргүзүдө  жана коомдо колдонулушуна  зор салым кошооруна  көңүл бурулду.

Андан сырткары талкулоодо мамлекеттик органдарда  азыркы учурда иш кагаздарын жүргүзүүдө расмий тилдин кеңири колдонулушуна ой-пикирдик баа берилди жана  мамлекеттик тилдин иш кагаздарын жүргүзүүдө толук колдонулушунун муктаждыгы  бар экени тууралу  калоо тилектер менен коштолду.

Талкулоонун жыйнтыгында келген меймандар институттун илимий кызматкерлеринин мамлекеттик тилдин  өнүгүшү жолунда көйгөйлүү суроолоруна жооп беришти.  

Жолугушуунун соңунда Капар Токтошев институттун жааматына өзүнүн “Аксанат” китебин белек катары тапшырып  жана  китептин аты менен энчилеш болгон илимий кызматкер - Санат Рыскулованын  колуна  чын жүрөктөн тартуулады.


 

 

 

 

Новости НИСИ

Экспертное мнение - Аналитика

Гостевые встречи

СМИ о нас

Статьи

Инфографика НИСИ

Яндекс.Метрика