Меню

НИСИ КР формирует свой кадровый резерв. Подробнее по телефонам: 0312 97-95-95 или по электронной почте: office@nisi.kg

ШКУнун форумунун он бешинчи мааракелик жыйыны онлайн форматында Кыргызстандын төрагалыгы астында өттү

Коронавирус пандемиясынын кесепеттерин жоюу жана башка эпидемиялардын алдын алуу үчүн Шанхай Кызматташтык Уюмунун алдында координациялык кеңеш түзүү каралууда. Бул жөнүндө 29-сентябрда онлайн форматта болгон ШКУнун эксперттер форумунун он бешинчи жыйынында сөз болду. Жыйынга Кыргызстан төрагалык кылды.

Глобалдык коркунуч учурунда мамлекеттердин иш-аракетин эл аралык жана регионалдык деңгээлде координациялоо абдан зарыл экени коронавирус пандемиясынын убагында даана көрүндү. Ошондуктан ШКУнун алкагында координациялык кеңеш түзүү жөнүндө сунуш эксперттер деңгээлинде каралып жатат. Анын милдети техникалык деңгээлде, б.а. санитардык-эпидемиологиялык кызматтардын, саламаттык сактоо, билим берүү, клиникалык, лабораториялык адистердин деңгээлинде тыгыз иш алып баруу болуп саналат.

"Кытайда биринчи башталып, Европага жетип, андан кийин КМШ өлкөлөрүнө, Индия, Пакистанга тараганда, биз көрдүк, проблемаларды, анын ичинде клиникалык-лабораториялык маселелерди ар ким ар кандай чечип жатты, мына ошол убакта коронавирус менен күрөштө илимий изилдөөлөр, далилдүү ыкмалар жетишпей турду. Качан бизде бирдиктүү мамиле, туура методология болгондо биз анын калкыбызга, экономикабызга болгон таасирин жумшарта алабыз",-деди Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун кеңешчиси, көз каранды эмес эксперт Марат Калиев.

ШКУнун форуму он беш жыл мурда эксперттик аянтча катары түзүлгөн. Жылына бир жолу жыйын өтүп турат. Бул жолку жыйыны Бишкекте биринчи жолу онлайн форматында өттү. Анын күн тартибинде коронавирус пандемиясынын кесепеттерин жоюу, саламаттык сактоо, санитардык-эпидемиологиялык , өзгөчө кырдаалдар, билим берүү, биологиялык коопсуздук тармагындагы биринчи кезектеги биргелешкен иштер жөнүндө маселелер талкууланды. Индия, Кытай, Россия, Казакстан, Өзбекстан жана башка өлкөлөрдүн окумуштуулары өздөрүнүн баяндамаларында постпандемиялык кризис, андан чыгуунун жолдору, стратегиялык кызматташтык маселелери боюнча сунуштарын берди.

"Азыркы шартта бизге эпидемияларды өз убагында билүү, алардын алдын алуу боюнча координациялык иштердин эффективдүү механизмдери керек",-деди ШКУнун баш катчысы Владимир Норов.

Өткөн жылдын этегинде Кытайдан башталган коронавирус пандемиясы бүт дүйнөгө жайылып, анын курмандыктарынын саны миллиондон ашты. Анын ичинде эң көп жабыркаган өлкөлөр катары АКШ, Бразилия, Италия, Испания, Индия аталууда.

Кыргызстан Борбордук Азияда коронавирустан эң көп жабыркаган өлкөлөрдүн бири болуп калды. Вирустан каза тапкандар саны миңден ашты. Ооруканалардын даяр эместиги, дарылоодогу каталыктар, дары-дармектин тартыштыгы эң негизги себептер катары аталып, оору күчөп тургандагы кеткен каталыктар менен шалаакылык учурлары Коопсуздук кеңешинде каралган жатат.


Источник: https://www.bbc.com/kyrgyz/world-54342808