Сб. Фев 22nd, 2025

«Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» уңгужолу

By Beksultan Momunbekov Фев12,2025

Бүгүн, 2025-жылдын 12-февралында Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын чоң жыйындар залында «Уңгужол: учур жана келечек» аталышындагы илимий-практикалык конференция болуп өттү. Аталган Конференцияга Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы С. С. Касмамбетов «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» уңгужолу тууралуу баяндама жасап, анын максаты жана милдети жөнүндө кенен маалымат берди. Конференциянын жүрүшүндө КРнын Билим берүү жана илим министри Д.Ш. Кендирбаева, КРнын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары М.Тагаев, КР УИАнын А.Алтмышбаев атындагы философия институтунун башкы илимий кызматкери, т.и.д., профессор Сулайман Кайыпов жана КР УИАнын Мамлекет жана укук институтунун директору,профессор Токон Мамытовдор доклад менен чыгып сүйлоштү сүйлөштү. Кыргыз эли кылымдар бою өз көчүн бузбай муундан муунга өз каада-салтын, нарк-насили менен жашаган эл болгонун, акыркы жылдары ал жолдон тайып, ар кайсы өлкөлөргө суктануу менен карап, өзүбүзгө болгон ишенич жукара түшкөнү жашыруун болбой калган. Ааламдашуу учурунда кыргыз өзүнүн уңгужолуна түшүп, өз жүзү, өз үнү менен калыш керектиги жөнүндө конференцияга катышкандар бир ооздон белгилеп, уңгужолго ийгилик каалап, колдоого алышты. Конференциянын сонунда 7 пунктан турган Резолюция кабыл алынды. Илимий-практикалык конференциянын ишине Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Стратегиялык демилгелер улуттук институтунун директору С.Т. Муканбетов катышты.

Please follow and like us:

Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *