Вс. Окт 5th, 2025

Бүгүн 23-сентябрь -Мамлекеттик тил күнү

By Seitjan Apyshev Сен23,2025

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Стратегиялык демилгелер улуттук институтунун эмгек жамааты бүгүн өзүнүн иш кеңсесинде Мамлекетик тил күнүнүн урматына майрамдык баарлашуу өткөрдү. СДУИнин директорунун орун басары Шумкарбек Адилбек уулу өзүнүн куттуктоо сөзүндө кыргыз тилинин коомдогу колдонуу мейкиндигин кеңейтип, үйрөнүүгө зарылчылык жаратуу маселесине басым жасады.

 СДУИнин социалдык маселелер боюнча бөлүмүнүн башкы эксперти К. Кошалиев өзүнүн сөзүндө тил улуттун деми, руху, каны-жаны менен генетикалык жактан терең байланышкан бир бүтүн көрүнүш экендигин баса белгилеп, Уңгужол башбагытында тилге өзгөчө маани берилгендигине токтолду. Майрамдык баарлашуу  ыр-күүлөр  менен коштолуп, олтургандар төкмө акын А. Акимбековдун эне тилдин кадыр-баркын көкөлөткөн  көркөм сөзүнөн кубат алып тарашты.

Please follow and like us:

Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *