К. А. Кошалиев, Кыргыз Республикасынын Улуттук стратегиялык демилгелер институтунун башкы эксперти
Айкөлдүктүн уңгужолун татыктуу уланталы!
Аталган стратегиялык мүнөздөгү улуттук жол багытты аныктаган бул бараандуу эмгекти Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н. Жапаровдун Жарлыгы менен түзүлгөн жумушчу топтун бир жылга жакын убактыттан бери системдүү жүргүзгөн иш аракетинин акыбети катары карасак болот.
Учурда руханий-экономикалык жактан кубаттуу, турмуштук сыноолорго кебелбей туруштук берген, ар тараптан өнүккөн күчтүү мамлекетти куруу максатындагы аракеттер жүрүүдө. Кыргыз Республикасынын Президенти кол койгон идеологиялык багыттагы улуттук нарк, руханият, Манас үч илтиги, Элдик Курултай, кинематография ж.б маселелер боюнча Жарлыктардын чыгышы жана ушул багытта концепциялардын, мыйзамдардын кабыл алынып жатышы жана УҢГУЖОЛдун даярдалшы айкөлдүк дүйнөтаанымга негизделген улуттук иденттүүлүктүн жолуна багыт алгандыгыбызды билдирет.
“Доктрина” деген термин кыргыздын эки төл сөзүнүн курамынан турган “УҢГУЖОЛ”деген түшүнүк менен тогоштура которулганы туура болгон.
Эгемендик жылдардан бери эле улуттук өнүгүүнүн идеологиялык негизи менен стратегиялык багытын аныктоого байланышкан түйүндүү маселе ачык бойдон чечилбей келе жатат. Акаевдик башкаруунун учурунда эле “ачык либералдык демократиялык коом” аталышындагы элибиздин менталлитетине туура келе бербеген чоочун жолго түшүп алганыбыздын айынан “адам укугун” культка айлантып, ал эми айкөлдүккө негизделген өзүбүздүн “Жолу улуулук” философиябызды болсо таназар албай келдик.
Кыргызстандын өнүгүү багытын аныктаган бул документте этнологиянын илимий иденттүүлүк талаптары сакталып, өлкөнүн атын алып жүргөн кыргыз элинин улуттук дөөлөт-мурастары, заттык жана руханий баалуулуктары өз ордун туура тапкан. УҢГУЖОЛдун логикалык конструкциясы боюнча айта турган болсок, негиздеме алгы сөз катары учурга сереп, максаты, зарылчылыгы, таянган баалуулуктар, кең чабыт таштаган багыттар, өбөлгөлөр менен тобокелдиктер, мекенчилдикке жана дүйнөлүк бийиктикке үндөгөн чакырктар, ийгилик жаратууга жөндөмдүү реалдуу кадамдар таанышкан адамга ишеним тартуулап, сыймыкка бөлөйт.
“Кыргыз эли-жеке өзүнө таандык тарыхый тагдыры бар, миңдеген жылдар бою өз аталышын, мамлекеттүүлүк салтын жоготпой сактап келген, адамзат өркүнүнө орчундуу салым кошкон, дүйнөлүк коомчулук тарабынан таанылган, кайталангыс эл.” Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен бекитилген УЛУТТУК ДЕМ- ДҮЙНӨЛҮК БИЙИКТИК УҢГУЖОЛУнан.
Кыргыз эли-айкөлдүк жолду карманган, руханий көрөңгөлүү эл. Айкөлдүк-улуулук менен улутмандыктын тогошкон жери. Кыргыздар түпбашаттан келе жаткан жалпы адамзаттын улуу көчүн улантып, байыркы элдердин бири катары өз озуйпасын аткара бермекчи.
Бул боюнча: “Айкөлдүк-кыргыз мүнөзүн калыптандыруунун эң башкы үлгүсү, дүйнө эли али толук тааный элек, кайталангыс, идеялдуу адам модели. Айкөлдүк-кыргыз элинин жалпы адамзаттын акыл казынасына тартуулаган, тагдыр өзгөртүүчу, тарых жаратуучу улуу белеги. Дүйнөнү, ал турсун ааламды, айкөлдүк гана куткарат.”деп айтылат “УЛУТТУК ДЕМ-ДҮЙНӨЛҮК БИЙИКТИК” УҢГУЖОЛ башбагытында.
Идеология- адамдын аң сезимин кайсы бир багытка бурууга жана коомду түптамырынан өзгөртүүгө жөндөмдүү күчтүү идеялардын санжапталган түзүмү болгондуктан, максатка жетүүнүн мындан күчтүү каражаты жок экендигин аңдашыбыз зарыл.
Уңгужол-баардык тармакка таасир этүүчү идеологиялык баш багыт. Ал жазылды, колго тийди, Жарлык чыкты, ушунун өзү чоң жетишкендик. Эми сөздөн ишке өтпөсөк кечигебиз. Ар кандай документ маани-мазмуну жагынан туура жана күчтүү жазылганына карабай аны ишке ашыруу механизмдери жеткилең иштелбесе, жакшы ойлордун тизмеги катары кагазда калып калышы мүмкүн. Андыктан, УҢГУЖОЛдун ички идеялык мазмунун элге жеткирүү жолдору, ой-кыялдарды турмушка ашыруунун усулдары, Жарлыкта айтылгандай жобосу, иш-чаралардын топтому тыкыр иштелип чыгып, каржылоо булактары, ресурстар жана мүмкүнчүлүктөр эсепке алынып, максатка жетүү үчүн системдүү ишмердүүлүктү жандуу жүргүзүү талап кылынат. Бул ишке коомчулуктун калың катмары терең маани берип, уңгужолдогу уңгулуу ойлорду турмуш жүзүнө ашырууга түп көтөрө билекти түрүп киришүүсү шарт.
Жыйынтыктап айтканда, бүгүнкү күндө жолдор ача болуп, адамзат жашоосундагы баалуулуктар менен көнүмүш ориентирлер кыйрап, бир тарабы деградацияланып, бир тарабынан глобалдык өзгөрүүлөрдүн желаргысы менен адамзат аң сезими трансформацияланып жаткан учурда АЙКӨЛДҮК дүйнөтааным Уңгужолундагы кыргыз жүрүш талап кылынууда.
Жеке, жамааттык жана улуттук аң-сезимди Уңгужолдун баалуулуктары менен азыктандырып, бирдиктүү коомдук пикир түзүү аркылуу улуттук биримдик-ынтымакка жетишели. Өлкөнүн өнүгүү багыты, элдин максат-тилеги, карманган баалуулуктарыбыз бир болгондо гана чыныгы биригүү ишке ашат.
Элибиздин жаратман пассионардуулук деми ойгонуп, илим-билимге умтулуп, нарктуулукту сактап, дүйнөлүк бийиктикке карай алган багытыбыз байсалдуу болсун.