Вс. Июл 6th, 2025

Шанхайский дух: мосты взаимовыгодного сотрудничества и устойчивого развития в рамках ШОС

By Seitjan Apyshev Июл4,2025

4 июля т.г., в преддверии 25-летия со дня основания Шанхайской организации сотрудничества (ШОС) в Бишкеке состоялась научно-практическая конференция «Шанхайский дух: мосты взаимовыгодного сотрудничества и устойчивого развития в рамках ШОС».

Мероприятие стало значимой экспертной платформой для обсуждения стратегических направлений кыргызско-китайского сотрудничества в условиях меняющейся геополитической повестки.

Цель форума заключалась в усилении роли экспертного сообщества в осмыслении актуальных международных процессов, а также в разработке практических рекомендаций по укреплению стратегического партнерства между Кыргызской Республикой и Китайской Народной Республикой в рамках ШОС. Конференция способствовала укреплению взаимного доверия, развитию гуманитарных связей и продвижению ценностей, заложенных в основу «шанхайского духа».

В работе конференции приняли участие представители органов государственной власти, дипломатического корпуса, научных и экспертных кругов, делового сообщества, а также международные аналитики.

В рамках обсуждений особое внимание было уделено перспективам цифрового и технологического сотрудничества, механизмам снижения бедности, модернизации системы оказания социальных и административных услуг, а также укреплению нормативно-правовой базы межгосударственного взаимодействия.

По итогам конференции был сформирован свод практических рекомендаций, направленных на расширение многоуровневого сотрудничества между Кыргызстаном и Китаем, а также дальнейшее продвижение принципов «шанхайского духа» — взаимного доверия, равноправия, уважения к многообразию и стремления к совместному развитию.

Бишкекте «Шанхай руху: ШКУ алкагындагы өз ара пайдалуу кызматташтыктын жана туруктуу өнүгүүнүн көпүрөлөрү» аттуу конференция өттү

Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) түзүлгөндүгүнүн 25 жылдыгына карата Бишкек шаарында «Шанхай руху: ШКУ алкагындагы өз ара пайдалуу кызматташтыктын жана туруктуу өнүгүүнүн көпүрөлөрү» аттуу илимий-практикалык конференция өттү.

Иш-чара өзгөрүп жаткан геосаясий шарттарда Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын ортосундагы стратегиялык кызматташтыктын багыттарын талкуулоого арналган маанилүү эксперттик платформага айланды.

Форумдун максаты — эл аралык процесстерди терең талдоодо эксперттик коомчулуктун ролун күчөтүү жана ШКУ алкагында Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктү чыңдоого багытталган практикалык сунуштарды иштеп чыгуу болду. Конференция өз ара ишенимди бекемдөөгө, гуманитардык байланышты өнүктүрүүгө жана «шанхай рухунун» негизги баалуулуктарын жайылтууга өбөлгө түздү.

Конференцияга мамлекеттик органдардын, дипломатиялык корпустун, илимий жана эксперттик чөйрөнүн, ишкер чөйрөнүн өкүлдөрү, ошондой эле эл аралык аналитиктер катышты.

Талкуу учурунда санариптик жана технологиялык кызматташтыктын келечегине, жакырчылыкты кыскартуу механизмдерине, социалдык жана административдик кызмат көрсөтүү системасын модернизациялоого, ошондой эле мамлекеттер аралык өз ара аракеттенүүнүн укуктук базасын чыңдоого өзгөчө көңүл бурулду.

Конференциянын жыйынтыгында Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы көп деңгээлдүү кызматташтыкты кеңейтүүгө, ошондой эле «шанхай рухунун» негизги принциптерин — өз ара ишенимди, тең укуктуулукту, ар түрдүүлүккө урмат көрсөтүүнү жана биргелешип өнүгүүгө умтулууну илгерилетүүгө багытталган практикалык сунуштар топтому иштелип чыкты.

Please follow and like us:

Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *