Ушул жылдын 21-чи январында, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Улуттук стратегиялык демилгелер институтунда Кыргыз Республикасынын Президентинин (18.12.24. №369) Жарлыгы менен бекитилген “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” Уңгужолун турмушка ашыруу боюнча Жобонун долбоорун иштеп чыгуу тапшырмасын аткаруу максатында министерство-ведомстволор аралык жумушчу топтун кезектеги жыйыны болуп өттү. Анын ишине Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты, КРнын Билим жана илим, КРнын Юстиция министрликтеринен, КРнын Президентине караштуу мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясынан, КРнын Улуттук Илимдер Академиясынан, КРнын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынан өкүлдөрү катышты.
Please follow and like us: