Жакында Стратегиялык демилгелер Улуттук институтунун Башкы эксперти К.А.Кошалиев өлкөбүздүн билим берүү тармагында өзгөчө үлгүлүү иштери менен белгилүү “Ноокат билимканасында” болуп, иш-тажрыйбасы менен таанышып кайткан. Иш-сапардын алкагында Кыргыз Республикасынын Президенти кол койгон “Улуттук дем-дүйнөлүк бийиктик” уңгужолу жөнүндө баарлашуу болуп өттү.
Мамлекеттик “Ноокат билимканасы” жатак-лицей мектеби 1989- жылы физика-математика илимдеринин кандидаты Кыргыз Республикасынын Эмгек Баатыры Өмүрзак Мамаюсуповдун жеке демилгеси жана мамлекеттик бийликтин колдоосу менен ачылган.
Билимкана айыл жериндеги таланттуу балдарды колдоо максатында ачылып, 34 жыл ичинде 32 Алтын медаль, 124 Кызыл аттестат, 54 Алтын тамга, 2 Алтын сертификат, 2 Президенттин мактоо баракчаларын алууга жетишкен. Ош областынын 34 жылдан берки олимпиада, ЖРТ боюнча жогорку көрсөткүчтөрүн негизинен “Ноокат билимканасы” берип келе жатат.
Билимканада илим, инновация, IT, санарип жана орусча-англис тилдерин тереңдетип үйрөнүүгө да өзгөчө басым жасалат.
Жыл сайын билимкананын окуучулары предметтик олимпиадаларда ат салышып, мыкты жыйынтыктарды көрсөтүп, республикалык олимпиадалардын жеңүүчүлөрү болуп келишүүдө.
Жолугушуунун жүрүшүндө окуучулар “Улуттук дем-дүйнөлүк бийиктик” уңгужолу боюнча өз көз караштарын эркин билдиришип, өлкөнүн келечеги, билим берүүнүн мааниси, мектептеги окуу-тарбия иштеринин жакшы тажрыйбалары жөнүндө ой бөлүшүштү.
