Чт. Июн 5th, 2025

“Климаттын өзгөрүү шарттарындагы  Кыргызстандын тоо экосистемалары”

By Konoi Karybai uulu Июн3,2025

2025-жылдын 3-июнунда Бишкек шаарынын “Парк Отелинде” Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Стратегиалык демилгелер улуттук институту (СДУИ) тарабынан “Климаттын өзгөрүү шарттарындагы  Кыргызстандын тоо экосистемаларыаттуу тегерек стол уюштурулду. Анда “Экологиялык коопсуздук: тоо экосистемаларын коргоо жана экономиканын туруктуулугун жогорулатуу” темасында аналитикалык изилдөөнүн презентациясы угулду. Бул иш-чарага КР Жогорку Кенешинин депутаттары: А.Б. Кенжебаев, Р.Ш.Жакышов, Кыргыз Республикасынын Президентинин Тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча иш-аракеттердин беш жылдыгын ишке ашыруу боюнча атайын өкүлү Д.А.Кемелова, Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары А.К.Раимкулова, КР ЖК Төрагасынын алдындагы климаттын өзгөрүү шарттарында туруктуу өнүктүрүү боюнча Кеңешинин катчылыгынын жетекчиси К.И.Кубатова жана СДУИнун эксперттери катышышты.

Стратегиалык демилгелер улуттук институтунун директорунун орун басары Н.К.Дарданов кириш сөзүндө, Кыргыз Республикасы жана жалпы Борбор Азия мамлекеттери үчүн мөңгү жана климаттык өзгөрүүлөрдү илимий негизде туруктуу изилдөө жана моделдөө өтө маанилүү, мөңгүлөрдүн эриши экологиялык жана экономикалык тобокелдиктерди азайтуу боюнча шашылыш чараларын иштеп чыгуусун талап кылат деп белгиледи. 

Тегерек столдун катышуучулары аталган темада орчундуу сунуш-пикирлерин билдиришти. Бул аналитикалык изилдөөнүн негизги максаттарынын бири үлгүлөрдү, тенденцияларды, сунуштарды жана эскертүүлөрдү аныктоо болуп саналат. Көйгөйлөрдү чечүү, стратегиялоо жана процесстерди жакшыртуу үчүн абдан маанилүү.

Please follow and like us:

Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *