Кыргыз Республикасынын Эгемендик майрамынын алдында 29-август күнү, Кыргыз Республикасынын Президенти С. Н. Жапаров кол койгон руханий-идеологиялык багыттагы акыркы жылдары жарык көргөн –“Инсандын руханий адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы”, “Улуттук нарк”, Кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөгөн аталар (А. Сыдыков, И. Айдарбеков, Ж. Абдрахманов, А. Орозбеков, И. Арабаев) жөнүндөгү” жана “Улуттук дем-дүйнөлүк бийиктик” Уңгужолу туурасындагы Жарлыктарды турмушка ашыруунун алкагындагы практикалык иш-чараларга ылайык, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Стратегиялык демилгелер Улуттук институтунун эмгек жаматы тарыхый маанилүү жайлар болгон-“Ата Бейит” комплекси, Байтик атанын күмбөзү, Ч. А. Айтматовдун үй музейинде болушту.
“Миң уккандан бир көргөн” дегендей, Эгемендик үчүн болгон күрөштө сөөктөрү сөпөт болгон аталар жөнүндөгү даректүү тасманы көргөндө көздөрдөн жаш айланып, мекенчилдик сезимдер козголуп, Ч. Т. Айтматовдун үй музейинде болгондо түгөнгүс руханий азык алып, улуу элдин урпактары экендигине баргандардын баары дагы бир ирет ынанып кайтышты. Маркумдарга арнап бата-дуба айтылып, куран багышталды.
Аталган руханий иш-чарага СДУИнин директорунун орун басарлары Шумкарбек Адилбек Уулу жана Нурлан Дарданов катышышты.





